Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Баракелде

Кыргызстанда эң көп катталган 20 фамилия

Turmush -  Кыргызстанда жарандык абалдын актыларын каттоо системасында эң көп катталган фамилия Исмаиловдорго тиешелүү. 2017-жылдын июль айына карата бул фамилияны алып жүргөн 28 миң 933 жаран бар. Мындай маалыматты АКИpress агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча эң көп катталган фамилиялар:

- Кыргызстанда фамилиясы Исмаилова деп катталган 14 миң 626 жаран бар;

- Исмаилов деген фамилия 14 миң 307 жолу катталган;

- Абдуллаева — 11 миң 878;

- Абдуллаев — 11 миң 753;

- Кадыров — 10 миң 281;

- Акматова — 10 миң 226;

- Кадырова — 10 миң 138;

- Акматов — 10 миң 100;

- Сулайманова — 9 миң 946;

- Сулайманов — 9 миң 901;

- Осмонова — 9 миң 756;

- Исакова — 9 миң 678;

- Асанов — 9 миң 651;

- Асанова — 9 миң 483;

- Осмонов — 9 миң 377;

- Каримов — 9 миң 294;

- Исаков — 9 миң 285;

- Алиева — 9 миң 245;

- Каримова — 9 миң 215;

- Султанова — 9 миң 139.

ЖААК системасы бирдиктүү мамлекеттик реестрдин негизи болуп эсептелет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 33487
Көп окулду
×