Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 24.07.2017 15:26

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк жубайлар жайы-кышы жумуртка тууган декалб тоокторун багууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылындагы жубайлар жайы-кышы тоок багып, жөжөлөрүн сатуу менен алектенишет. Жубайлар Мухудин Айманов менен Айтолкун Лайлиева акыркы жарым жылдан бери Америкадан алынып келген декалб породасындагы тоокторду багышат.

А.Лайлиеванын айтымында, декалб тоокторунун өзгөчөлүгү анын эрте жумуртка тууп баштаганында.

«Тооктор таза болушат. Жем гана жеп, курт-кумурска жебегендиктен жумурткалары тамак сиңирүүгө жеңил болуп саналат. Тооктор жайы-кышы тууйт. Мындай тоокторду элет жергесине жайылтуу максатында инкубатор сатып алганбыз. Ал 1056 жумуртканы бир басып чыгарат. Тооктор көп жумуртка бергендиктен айылдыктар көп кызыгат. Андыктан жөжөлөрүн сатып алабыз дегендер көп. Биз 600-700 жөжө чыгардык. Аларды 30-50 сомдон сатып жатабыз», - дейт ал.

Жубайлардын кесиби мугалим. Мектепте орун жок болгондугуна байланыштуу ишкердик менен алектенишет. Келечекте тооктордун санын көбөйтүп, бир нече адамды иш менен камсыз кылууну пландашууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×