Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусуНоокен району 21.07.2017 14:10

Ноокендик мугалимдер Таласта эс алууда

Turmush -  Ноокен районундагы алдыңкы мугалимдер Талас облусуна эс алууга жөнөп кетишти. Профсоюздардын Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин райондук комитети 2016-2017-окуу жылында мугалимдердин райондук, облустук республикалык кароо-сынактарында, «Жыл мугалими» сынагында 2-орунга чыккан окутуучуларды жана окуучулары бардык олимпиадаларда утуп чыккан мугалимдерди эс алууга жиберди.

Комитеттин төрагасы Кубаныч Нышановдун билдиргенине караганда, байгелүү орундарды утуп чыккан 25 мугалим үч күнгө Талас облусундагы «Манас ордо» комплексине саякаттоого жөнөп кетти.

Буга чейин мугалимдердин облустук сынагында 3-орунду ээлеген педагогдор менен облустук олимпиадада предметтик сабактар боюнча даярдаган окуучулары 3-орунга чыккан 30 мугалим Аксы районундагы Сары-Челек коругунда эки күн эс алып келди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×