Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баткен

Фото - Баткенде тоого кетип жоголгон 5 баланын атасы А.Сабировду издөө токтотулду

Turmush -  Баткен районунда тоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон Абдималик Сабировду издөө аракеттери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 5-июль күнү Кыштут айыл өкмөтүнүн Таян айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, бирок натыйжа болгон жок. Кечээ, 18-июлда анын туугандарынын жазып берген катынын негизинде издөө иштери токтотулду.

А 15

Окуя тууралуу:

Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн Таян айылынын 1972-жылы туулган тургуну Абдималик Сабиров 5-июлдан бери дайынсыз жоголуп, табылбай жаткандыгы кабарланган.

Кошуналарынын айтымында, ал тоо тарапка чыгып кеткен. Туугандары өз алдынча издеп, жыйынтык чыкпагандыктан 11-июлда милицияга кайрылышкан.

ӨКМдин кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар аны Таян айылынын күн чыгыш тарабындагы тоолордон издеп, табышкан жок. Милициядан 10 кызматкер, жергиликтүү элден 30 адам издөө иштерин жүргүзгөн.

Абдималик Сабиров үй-бүлөлүү. Биринчи аялынан 2 баласы бар. Аны менен ажырашып, экинчи жубайы менен 3 балалуу болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6021
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×