При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

АКИ-TV: Жаңы-Өзгөн кварталындагы эл 6 жылдан бери электр жарыгы, мектеп, бала бакча жок жашайт (фото)

Turmush -  Өзгөн шаарынын Жаңы-Өзгөн кварталдык комитетиндеги 200дөн ашуун үй-бүлө электр жарыгы жок күн кечирип келет. Айрымдар коңшу айылдардан өз алдынча электр чубалгыларын тарттырып алышкан. Бул аймакта коопсуздук маселеси, таза суу, электр жарыгы, мектеп, бала бакча көйгөйлөрү күчүндө. Жергиликтүү тургундар Өзгөн шаардык мэриясына бир нече ирет кайрылып, жарытылуу жооп алышкан эмес. Алардын айтымында, шаар мэри Саипжон Пратов жергиликтүүлөр менен жолугушууларга келе элек.

Жаңы-Өзгөн кварталдык комитети 1986-жылы негизделген. 2011-жылы Өзгөн районунун Зергер айылынын Ничке-Сай айылындагы жашоочулар жер көчкү коркунучуна байланыштуу көчүп келишкен.

«2011-жылы бизге бул жерден 5 сотых жер беришкен. Бул жерге мурун шалы эгилгендиктен, саз болчу. Өзүбүз Зергерден техникаларды алып келип, жол салганбыз. Ошол жылы үйдүн курулушун баштап, бирок электр жарыгы жоктунан кайра айылга кетип калганбыз. Быйылкы жер көчкүдөн кийин бул жерге жашоого аргасыз болуп калдык. Учурда электр энергиянын жоктугунан курулуш иштери токтоп турат. Тамак-аш бышырууга айылдагы көңдү жүктөп келдик», - деди жергиликтүү тургун Асан Эрмеков.

Ал эми, Мээрим Алтынбек кызы 3 баласы менен чатырда күн кечирүүгө аргасыз. Шарттын жоктугунан үйүн куруп жаткан усталар үчүн күнүнө 3 маал тамак бышыруу да оңой эмес.  Жакын аймакта бала бакчанын жоктугунан жергиликтүү тургун Султан Шаамырзаев эртеден кечке чейин небелерин көзөмөлдөп турат.

Бул аймакка электр жарыгын жеткирүү Өзгөн шаардык мэриясынын милдетине кирет. Маалым болгондой, быйылкы жылдагы 6 айлык планга бул маселе кирген эмес. Ал эми, шаардык бюджетте каражат бар экенин, шаардык кеңештин депутаттары караса эле бул көйгөй чечиле турганын биринчи вице-мэр Мухаммед Макешов билдирди.

«Ал жерге трансформатор, электр мамычаларын орнотууга 460 миң сом керектелет. Бюджетти бөлүштүрүүдө шаардык кеңештин депутаттары колдосо, бул көйгөй чечилет», - деди М.Макешов.

Өзгөн райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Артур Жусуев аталган кварталга электр жарыгын берүүгө даяр экенин айтты.

«Өзгөн шаардык мэриясы трансформаторду алып келип, электр мамычаларын тартып берсе, биз электр тогун берүүгө даярбыз. Биздин милдет — электр тогу менен гана камсыздоо», - деди А.Жусуев.

Жергиликтүү тургун Исмаил Караев шаар мэри 2 жолу жолугушууга убада берип, бирок келбегенин кошумчалады.

«Мэр убада бергени менен айтылган күнү келген жок. Бүгүнкү күндө 57 үй-бүлө курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Байыркы замандай жашап жатабыз. Мектеп менен бала бакчага 1 гектар жер бөлүнүп, бирок кайра 25 сотых аянты сатылып кеткен. Бизге бала бакчага, мектепке өтө муктажбыз», - деди И.Караев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3068
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу