Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 18.07.2017 10:08

Караколдогу Т.Сыдыкбеков атындагы облустук китепкананын 115 жылдыгы белгиленди (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы Т.Сыдыкбеков атындагы китепкана 115 жылдык мааракесин белгиледи. Бул тууралуу облустук китепканадан билдиришти.

Бул китепкана 1902-жылы май айында уюштурулган. Орустун саякатчысы жана окумуштуусу Н.М.Пржевальский дүйнөдөн кайткандан кийин ысымын ушул шаарда эстелик катарында сактап калуу максатында жолдоштору жана окуучулары — П.И.Козлов менен В.И.Роборовский саякатчынын музейин жана өздүк китепканасын ачууну чечишкен.

«1902-жылы 27-майда Каракол шаарындагы элдик китепкана алгачкы окурмандарды кабыл алган. Элдин билимге умтулуусу бийик болгондуктан караколдуктардын көпчүлүгү китеп фондусун толуктоого жардам берүүнү өздөрүнүн милдети деп эсептешкен. 1917-жылдан кийин гана китеп фондусу көбөйө баштаган. 1946-жылы Пржевальск шаарынын тургундарынын өтүнүчү боюнча китепканага В.И.Лениндин ысымы берилген. 1970-жылы Ысык-Көл облусу уюшулганына байланыштуу, 1972-жылдын июль айынан баштап Пржевальск шаардык китепкананын базасында Ысык-Көл облустук В.И.Ленин атындагы китепкана уюштурулган.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2012-жылдын 1-июнундагы №136 буйругунун негизинде Ысык-Көл облустук В.И.Ленин атындагы китепканасына кыргыздын ХХ кылымдагы чыгаан жазуучусу жана коомдук ишмери Т.Сыдыкбековдун ысымы ыйгарылды. Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облустук Т.Сыдыкбеков атындагы китепкана маданий-маалымат борбору болуп саналат. Китепкананын фонду 102 миң 227 нуска китепти түзөт, жылына 7 миңге жакын окурмандарды тейлейт», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×