Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Кореялык дарыгерлер Ош шаарынын тургундарын акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрөт (фото)

Turmush -  Бүгүн, 17-июлда Ош шаарындагы №10 үй-бүлөлүк медицина борборуна Кореядан дарыгерлер келишти. Адистер 3 күн бою шаардын жашоочуларынын ден соолугун текшерип, керектүү кеңештерин беришет.

Мэрия маалымдагандай, чет өлкөлүк дарыгерлерди тосуп алуу салтанатына вице-мэр Нурбек Кадыров, шаардагы саламаттыкты сактоонун координатору Абдилатип Шамшиев жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Кыргызстанга гуманитардык миссия менен келген 60ка жакын хирург, терапевт, гинеколог, дерматолог, радиолог, офтальмолог жана башка тармактагы дарыгерлер өздөрүнүн заманбап медициналык жабдуулары менен жергиликтүүлөрдүн ден соолугун текшеришет. Бул медициналык гуманитардык акция дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө 2014-жылдан бери жүргүзүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1436
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:44,   20.09.2017   ( 129 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу