Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Кыргыз ССРнин эл артисти Мустафа Ахунбаев көз жумду

Turmush -  Бүгүн, 17-июлда Кыргыз ССРнин эл артисти, КРнын искусствосунун эмгек сиңирген ишмери, профессор Мустафа Исаевич Ахунбаев каза болду. Бул тууралуу АКИpress агенттигине артисттин неберелери кабарлады.

Мустафа Ахунбаев 1935-жылы 12-мартта Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында төрөлгөн. 1961-жылы Москвадагы мамлекеттик консерваторияны ийгиликтүү аяктаган. Кийин режиссерлук кесипке ээ болгон. Театрда иштеп жүрүп, «Мефистофель», «Петр биринчи», «Дон Карлос», «Тынч Дон», «Аида», «Верди», «Курманбек», «Сак болгун колукту», «Алтын Кыз», «Евгений Онегин», «Иоланта», «Моцарт жана Сальери» сыяктуу спектаклдерди койгон.

Мустафа Ахунбаев белгилүү хирург Иса Ахунбаевдин биринчи уулу.

Главное фото

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1273
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу