Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Ак-Сууда жер көчкү коркунучу бар тилкеге көчөттөр тигилип, 4 гектар жер курчалды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Челпек айыл аймагына караштуу Таш-Кыя айылында жер көчкү жүрүү коркунучу бар тилкеге 3200 түп бак-дарактардын көчөттөрү отургузулуп, айланасы курчалды. Бул тууралуу ӨКМдин Ак-Суу райондук бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 4 гектар жерди курчоо иштерине ӨКМ тарабынан 240 миң 300 сомго (3 тонна цемент, 30 литр битум, тикенек зым жана 1300 метр профиль) материалдар бөлүнгөн.

«Бүгүнкү күндө темир мамылар орнотулуп, сырдалып, тикенек зым менен курчалып, бак-дарак отургузулду. Бул аймакта 2200 түп мажүрүм тал, 170 түп ак терек, 50 түп кара жыгач, 330 түп көк терек, 350 түп ак кайың бар», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 652
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу