Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Нарын дарыясына түшүп кеткен Жан-Булак айылынын 31 жаштагы тургуну изделип жатат

Turmush -  Нарын дарыясына балык уулоого чыгып, сууга түшүп кеткен Токтобек Акмукаев изделип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ӨКМдин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынын 31 жаштагы тургуну Токтобек Акмукаев ушул жылдын 11-июль күнү Нарын дарыясына балык уулоого чыгып, белгисиз себептерден улам сууга түшүп кеткен. 5 куткаруучу Нарын дарыясын жээктеп, Нарын районунун Достук айылынан Учкун айылына чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле, 20га жакын айылдаштары издөө иштерине катышып, бирок натыйжа болгон эмес.

Учурда издөө иштери жүрүп жатат. Бирок, Нарын дарыясындагы суунун көлөмү көтөрүлгөндүктөн кыйынчылыктар жаралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1520
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу