Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Таластык 83 жаштагы Сабира апа 10 миң долларлык боз үйлөрдү жасалгалайт (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылынын 83 жаштагы тургуну Рысалиева Сабира апа жасалгалаган боз үйлөрүн 10 миң долларга баалайт. Кол өнөрчү апанын эмгектери менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жасалгалаган боз үйүн алып барган.

«Мен кол өнөрчүлүккө кеч кириштим. Балдарым чоңоюп, келин алганда боз үй керек экен деп, 1978-жылы 5 канат боз үй жасадым. Манастын 1000 жылдыгында хандын айылына 7 канат боз үй тигип барып, жакшы пикирлерди уккам. Ошондон баштап бул ишке көп аракетимди жумшап, көптөгөн сынактарга катышып, алдыңкы орундарды алдым. 8 канат боз үй 115 ууктан туруп, ичинде 8 кат төшөк, 6 көлдөлөң, 5 туш кийиз, 7 шырдак салынат. Жыгач уста жыгачтан уук, түндүк, кереге, эшигин жасап берсе, мен туурдугун, үзүгүн, чийин, тебиргичин, жабык башын, терме боолорун, кереге аягын, ички жасалгаларын жасайм. Бардык жасалгасы меринос койдун жүнүнөн жасалат.

Кырчындагы Экинчи көчмөндөр оюндарында жасаган боз үйүм 3-орунду ээледи. Ошол жактан эле оюм түшүрүлгөн туш кийизди 2 миң долларга сурагандар болду. Мен боз үйлөрдү жарашыгына карата окшош жасайм. Боз үйдүн ички жасалгасы эле 10 миң долларга чейин болот», - деди ал.

Сабира апа 6 кыз, 4 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1130
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×