
Ал 1984-жылы азыркы Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы медициналык окуу жайдын фельдшердик бөлүмүн бүткөн. Турмуш шартына байланыштуу убагында Нарын облустук ооруканасында эмгектенип жүрүп, кийин 1990-жылы Жумгал районунда иштеп калган.
Г.Ногойбаева үй-бүлөлүү, 2 уул жана 1 кыздын энеси.
«Убагында балдарды дарылоо, кайра жандандыруу бөлүмүндө башкы медайым болуп эмгектендим. Азыр хирургия бөлүмүндө медайым болуп иштейм. Иш күнүбүз бейтаптардын ден соолугуна кам көрүү менен башталат. Оорукананын бул бөлүмүндө 5 медайым жана 1 башкы медайым болуп эмгектенебиз. Кезектешип иштейбиз.
Өз кесибимди сүйүп эмгектенип келем. Бош күндөрү үйдө бакча жана мал чарбачылык менен алектенем», - деди Г.Ногойбаева.