При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июль
68.85    79.36    1.16    KZT 0.21

Ак-Суудагы футбол турниринде улуу муундун «Динозаврлар» командасы жеңишке жетти (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында улуу жана кичүү муундун өкүлдөрү арасында футбол боюнча турнир өткөрүлүп, ага 16 команда катышты. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Талант Көбөнбаев кабарлады.

Анын айтымында, «Муундар арасында» деп аталган турнирге 50 жаштан 20 жашка чейинкилер катышып, ага аталган айылда төрөлүп, учурда Россияда жашап жаткан жигиттер дагы келишти.

«Бул турнир биздин айылда салтка айланып калды. Жылына 3 жолу уюштурулат. Быйыл аны 1982-жылы туулган балдар уюштурду. Мелдештин жыйынтыгында «Диназаврлар» командасы жеңишке жетти. Турнирде «Мыкты оюнчу», «Мыкты дарбазачы», «Мыкты бомбардир» наамдары берилип, жеңүүчү командаларга кубоктор тапшырылды», - деди Т.Көбөнбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 290
Комментарии
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:52,   20.07.2017   ( 9 адам окуп жатат)
×