При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 22-июль
68.85    79.21    1.17    KZT 0.21

Фото - Баш-Куугандыдагы мектеп 3 жылдан бери курулуп бүтө элек

Turmush -  Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл өкмөтүндө 3 жыл мурда курулуп баштаган Ш.Садыбакасов атындагы орто мектебинин имараты бүтпөй, окуучулар эски бала бакчада окуп жатышат. Буга каражаттын толук бөлүнбөгөнү себеп болгонун мектеп директору Асан Жекшенов билдирди.

Анын айтымында, 275 орундуу мектеп 2014-жылы курулуп баштаган. Өкмөттөн жалпы 63 млн сомдук долбоор каралып, тендерди 59 млн сомго макул болгон ишкана уткан. Учурда мектепке болгону 14 млн сом каражат каралып, калган сумма которула элек. Курулуш 2 жылдан бери токтоп турат.

«Мектептин спорт залы көтөрүлүп, чатыры жабылган. Ал эми, мектептин болгону 1-кабатынын дубалы гана көтөрүлгөн. Айылда мектеп жоктугунан 240 окуучубуз өткөн окуу жылында бала бакчанын имаратында окушту. Эски мектептин 3-4-5-имараттары авариялык абалда делип, ӨКМ корутунду чыгарган. Жаңы имаратты куруп жаткан курулуш мекемеси каражат которулса курулушту бүтүрүп, пайдаланууга берет элек деп турушат», - деди А.Жекшенов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 289
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×