Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Ноокендеги мектептер 17,6 млн сомго оңдолду

Turmush -  Ноокен районундагы мектептерди оңдоп-түзөө иштерине республикалык бюджеттен 1 млн 650 миң сом бөлүнүп, оңдоо иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, мугалимдер менен техникалык кызматкерлер өздөрү иштеген мектептерди актап-сырдап, керектүү оңдоо иштерин жүргүзүштү. Ал эми, балдар бакчалары айыл өкмөттөрдүн эсебинен оңдолду. Мындан тышкары, Сакалды айылындагы №12 Ж.Султанов атындагы орто мектеп курулгандан бери биринчи жолу капиталдык түрдө оңдолуп-түзөлдү. Ага республикалык казынадан 16 миллион сом бөлүнгөн. Бул мектеп 1972-жылы курулган болчу.

Райондо 55 орто мектеп, 37 балдар бакчасы, балдардын мектептен тышкаркы 4 мекемеси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 655
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу