При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Айыл турмушу: Таластык У.Кайкиев кулпунай өстүрүп, Казакстанга экспорттойт (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун тургуну Урмат Кайкиев кулпунай өстүрүп, түшүмүн Казакстанга экспорттойт. Аймактык кабарчы дыйкан менен таанышты. Өзүнүн айтымында, быйыл 1,5 гектарда кулпунай өстүрүп жатат.

«Көп жыл мурун апам үйдөгү 2-3 сотых жерде кулпунай өстүрчү. Аны көбөйтүп отуруп, аянтын 3 гектарга чейин жеткирдик. Кулпунайды өстүрүү абдан оор болгондуктан, аянтын кыскартууга туура келди. Былтыр 30 сотых кулпунайдан 15 күндө 300 миң сом киреше тапканбыз. Быйыл 1,5 гектарда кулпунайдын кара принц сорту өсүп жатат. Биринчи түшүмү 25-майдан башталып 20-июнга чейин терилет. Андан соң эс алып, экинчи түшүмү 15-июлдан баштап кар жааганча алынат. 1 жылда 3-4 жолу чабылып, жумасына сугарылып турат. 1 гектар кулпунайдан 1 жылда 1 млн сомго чейин киреше тапса болот. Бизде аянты көбүрөөк болгондуктан түшүмүнө жараша Казакстанга экспорттойбуз», - деди ал.

Дыйкан жубайы Жазгүл Осмонова экөө 2 кыз, 1 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 379
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×