Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Жети-Өгүздө 3 унаа кагышып, 2 айдоочу ооруканага түштү

Turmush -  Жети-Өгүз районунда жол транспорт кырсыгы катталып, эки айдоочу ооруканага түштү. Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, кечээ, 16-июлда саат 15:30 чамасында Жети-Өгүз РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кытай айылында жол кырсык болгондугу боюнча маалымат түшкөн.

Жети-Өгүз айылынын 1980-жылы туулган тургуну К.О. «ВАЗ 2106» унаасы менен катуу ылдамдыкта келе жатып, Каракол шаарынын тургуну А.Б. башкарып бараткан «Хендай Портер» унаасына тийип өтүп, Бишкектин 1960-жылы туулган тургуну М.А.нын «Опель Зафира» унаасын сүзүп токтогон.

Жол кырсыктын кесепетинен «ВАЗ 2106» унаасынын айдоочусу Ысык-Көл облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылса, «Опель Зафира» унаасынын айдоочусу ар түрдүү жарааттары менен облустук оорукананын травматологиялык бөлүмүнө жеткирилген. Жүргүнчүлөр жабыр тарткан эмес.

Учурда РИИБ тарабынан жол кырсыктын себептери такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 734
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×