При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 22-июль
68.85    79.21    1.17    KZT 0.21

Улуу Британиянын 67 жаштагы жашоочусу көзүндөгү 27 линзаны унутуп калган

Turmush -  Пенсия курагындагы британиялык аял офтальмологго (көз дарыгер) барып, көзүнөн 27 даана линза алдырды. Бул тууралуу Optometry Today басылмасы жазып чыкты.

DEyjntmXgAEcJ1Y

Маалым болгондой, 35 жылдан бери линза тагынган аял көзүнүн катаракта илдетин дарылатуу үчүн дарыгерге барган. Текшерүү учурунда улгайган аялдын көзүнүн ичинде бир нече линза бар экендиги белгилүү болгон. Дарыгер биринчи текшерүүдө бейтаптын көзүндөгү 17 даана линзаны, ал эми экинчи текшерүүдө дагы 10 даана линзаны алып чыккан.

67 жаштагы аялдын айтымында, ал көзүндөгү линзаны алганды унутуп, үстү-үстүнө күнүмдүк колдонуучу линзаларды пайдаланып келген. Дарыгерлер анын көзүндөгү линзаларды алгандан кийин ага операция жасоонун кажети жок экендигин айтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 618
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×