Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Чүй

3 баласы менен вагондо жашаган жалгыз бой эне Сокулукта жаңы курулган үйүнө кирди (фото, видео)

Turmush -  Сокулук районундагы Степное айылында кайрымдуу адамдардын каржылоосу менен курулган үйдүн ачкычы 3 балалуу жалгыз бой энеге тапшырылды. Айжамал Мамырова ачкычты 15-июлда уюштурулган салтанаттуу иш-чара учурунда алды.

Керектүү шарттар түзүлгөн 4 бөлмөлүү үйгө ээлерин киргизүү салтанатына ырчылар дагы катышып, тойдун күбөлөрү кожейкеге баалуу белектерди, үй буюмдарын белек кылышты. 

32 жаштагы Айжамал Мамырова жолдошунун көзү өткөндөн кийин 3 баласы менен кароосуз калган вагондо баш калкалап жүргөн. Каржылык колдоого муктаж эне кайрымдуулук фондго жардам сурап кайрылып, каражат топтоо иштери башталган болчу. Демөөрчүлөрдүн бири Степное айылындагы 4 сотых жер тилкесин белекке берип, элден чогултулган каражатка үйдүн курулушу башталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1126
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×