При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июль
68.85    79.36    1.16    KZT 0.21

Ысык-Көлгө катуу ылдамдыкта бараткан бишкектик айдоочу жол кырсыгына кабылды

Turmush -  Ысык-Көлгө бара жаткан Бишкек шаарынын тургуну жол кырсыгына кабылды. Маалым болгондой, 15-июлда болжол менен саат 06:00 чамасында Жети-Өгүз РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Тилекмат айылында жол кырсык болгону боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөө тобу жол кырсык саат 06:00 чамасында Каракол—Бөкөнбаев—Балыкчы унаа жолунун 201-чакырымында, тактап айтканда Тилекмат айылынын жанында болгонун аныктаган.

Маалым болгондой, Тилекмат айылынын 1976-жылы туулган тургуну Б.М. башкарып бара жаткан «Ауди А6» үлгүсүндөгү унаа менен Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган тургуну Т.Н. башкарып бара жаткан «Тойота Аристо» унаасы кагылышкан. Жол кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес. Учурда кырсыктын себеби такталууда.

Айрым маалыматтар боюнча, «Тойота Аристо» унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта Каракол шаарын көздөй бара жатып, «Ауди А6» унаасын сүзүп алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 355
Комментарии
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
Көп окулду
×