Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Жалал-Абаддагы баатыр энелер сыйланды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалдары тапшырылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Маликахан Мустапакулова билдирди.

Анын айтымында, сыйлыктарды шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев тапшырды.

«Шаарда жалпы көп балалуу 40 эненин документтери кабыл алынып, алардын төртөөнө «Баатыр эне» ордени жана 3 энеге «Эне даңкы» медалдары тапшырылды. Бул наамдарды алууга керектүү документтерди толтурууда маселелер жаралып келет. Ошол себептен бул сыйлыктарды алууда көп убакыт сарпталууда», - дейт ал.

Баатыр энелерди сыйлоого катышкан Т.Темирбаев энелерди куттуктап, мындан ары да жаш баатыр энелердин саны көбөйө беришин каалады.

Шаарда «Баатыр эне» орденин алган 120, «Эне даңкы» медалын алган 40 эне бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 934
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 6 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу