Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Санкт-Петербургда көлгө чөгүп каза болгон кыргызстандык адамдын ысымы такталды

Turmush -  Санкт-Петербург шаарындагы көлгө чөгүп каза болгон кыргызстандык адам — 1969-жылы туулган Калыс Турсунбаев. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, анын денеси шаардагы сөөк сактоочу жайда турат. Туугандарына кабар берилди. Учурда жансыз денени мекенине жеткирүү аракеттери көрүлүп жатат.

«Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, анын денесинен зомбулуктун белгилери табылган эмес. Өлүмдүн себеби экспертизадан кийин белгилүү болот», - деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 16-июлда Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык адам көлгө чөгүп каза болгондугу кабарланган.

Маалыматка караганда, каза болгон адам сууга кирген боюнча кайра чыккан эмес. Ал жердеги башка эс алуучулар куткаруучуларды чакырышкан. Жансыз денени суудан 1,5 сааттан кийин таап алып чыгышкан. Анын жээкте калган кийиминен документтери табылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1130
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу