Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Караколдогу жаңы конуштун көчөсүнө доцент А.Тиленбаевдин ысымы ыйгарылды (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы жаңы конуштун көчөлөрүнүн бирине К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин доценти Айтбосун Тиленбаевдин ысымы ыйгарылды.

Маалым болгондой, мындай чечим өткөн жылдын 29-декабрында Каракол шаардык кеңештин кезектеги сессиясында кабыл алынган.

«Ошол убактан бери шаардын мэриясы тарабынан бул көчөнү көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп келген. Ошондой эле, атайын тактайчалар даярдалган», - деп билдиришти мэриядан.

Жаңы ысым ыйгарылган көчөнүн ачылышына жергиликтүү тургундар, мэриянын аппаратынын жетекчилери жана доцент А.Тиленбаев өзү катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 470
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу