Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук дыйкан жыл сайын 15 тонна жер-жемиш жыйнайт (фото)

Turmush -  Тоң районундагы Коңур-Өлөң айылынын тургуну Кемел дыйканчылык менен алектенип, кошумча киреше табат.

«Советтер союзу кулагандан кийин дыйканчылык менен алектенип баштагам. Буудай, картошка, сарымсак, сабиз өстүрүп, үй-бүлөмдү багып келем. Жазында жерге жер семирткич жана малдын кыгын чачабыз. Ар бир жер-жемишке өзүнчө көңүл буруп карабаса түшүм жакшы болбой калат. Күзүндө түшүм жыйнаган учурда жер-жемиштерди айылдыктар сатып алып, андан тышкары башка шаарларда дагы алып кетишет», - дейт ал.

Кемел дайкан бир сезондо дыйканчылыктан 15-16 тонна түшүм аларын белгиледи.

«Кийинки жылы кирешелүү үрөндөрдү сээп, дыйкан чарбаны өнүктүрүүнү пландап жатам. Күзүндө бардык жер-жемиштерден 15-16 тонна түшүм жыйнайм», - деп кошумчалады ал.

Учурда дыйкан жубайы менен 4 балага тарбия берүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1001
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×