При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июль
68.85    79.36    1.16    KZT 0.21

Кочкорго Кытайдан археологдор келишти (фото)

Turmush -  Кытайдын Ганьсу провинциясындагы Дуньхуан шаарынан археологдор Кум-Дөбө айылындагы жер алдында калган байыркы шаардын казылышын көрүүгө Кочкорго келишкендигин аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Кытайдын Маданият министрлигинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Дуньхуан академиясынын профессору Чжан Сянтан, археологдор Су Баомин, Чен Ган Цюан, Го Цин Лин, Чжан Сяо Ган, Чжао Цзюнь жана туристтик фирманын өкүлү Джи Фын Хуа келишкен. Аларды аталган министрликтен Чынарбек Жолдошов, Нарын облустук маданият бөлүмүнүн башчысы А.Нурманбетов, Кочкор районунун акиминин биринчи жана экинчи орун басарлары Нурлан Эшмуканбет уулу жана Элмира Сыдыкова коштоп жүрүштү.

«Меймандарды музейдеги жана Көк-Таштагы уникалдуу курулуш өтө кызыктырып, иштеп калууга көңүлдөнгөндөй болушту», - деди тарыхчы К.Коңурбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 707
Комментарии
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
Көп окулду
×