При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июль
68.85    79.36    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Таластык Наргиза жеңени жолдошу конокко чакырып, жубай кылып алып калган (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылына келин болгон 34 жаштагы Такенова Наргиза жеңени жолдошу конокко алдап чакырып, жубай кылып алып калган. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында өскөн. Өзүнөн 10 жаш улуу жолдошу Марат Дүйшөнкулов экөө 2003-жылы баш кошушкан.

«Жолдошум менен бир күн эле жолугуп сүйлөшкөм. Ага турмушка чыгам деп эч ойлогон эмесмин. Эртеси мага «таякемдер атайын шаардан келди эле, уят кыла көрбө, кайра өзүм жеткирип коём» деп, «Манас Ордо» комплексине чакырганына макул болбой жатып, араң макулдугумду бергем. «Корксоң жеңеңди жаныңа алып ал» деди. Жеңеме ишенип, аны жаныма кошуп алгам. Көрсө, планды жеңем түзүптүр. Биз барчу жерибизге бардык, жанымда жеңем бар. Алар көздөрү менен эле сүйлөшүп, каалоо-тилектерин айтып өздөрүнчө майрамдап жатышты. Мен эмнегедир үйгө кетким келип шашып жатсам, таякесинин аялы «абысынымдын үйүнө барабыз, атайын мал союп даярданып жатат, барбай койсоң уят» деп болбой алып кетишти. Мен жеңемди шаштырсам, «коркпо мен бармын» деп койду. Ал эми, таякеси деп тааныштырган адам өкүл атабыз экен. «Абысынынын» үйүнө жеткенде көп адамдар жүргөнүн көрдүк, бирок алгач түшүнгөн эмесмин. Жоолук алып келип салганда акыры отуруп калдым», - деди ал.

Наргиза жеңе менен жолдошу экөө учурда 5 баланы өстүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 731
Комментарии
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
Көп окулду
×