При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 22-июль
68.85    79.21    1.17    KZT 0.21

Айыл турмушу: Түптүк З.Түлөбердиеванын неберелери тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү болду (фото)

Turmush -  Түп районунун Бирлик айылынын 70 жаштагы тургуну Зейнеп Түлөбердиева тарбиялаган неберелери сабактарын жалаң «5» деген баага окуп, тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү болгон.

2016-жылы небереси Мурат кызы Алтынай Бирлик орто мектебинин 9-классын артыкчылык күбөлүк менен аяктап, ушул тапта Караколдогу медициналык колледжде «5» деген бааларда окуп жатат. Быйыл Марат кызы Перизат 9-классты жалаң «5» деген баалар менен аяктап, тогуз коргоол боюнча КРнын окуучулар арасында чемпиону аталды.

Абышкасы Осмон Бекбоев экөө колхоздун коюн багып, 10 бала, 21 неберелүү болушкан. Зейнеп апа неберелеринин терең билим алуусуна кошкон салымы зор деп эсептейт. Себеби, уул-келиндери окуп алышсын деп неберелерин ушул кезге чейин багып келет.

Мектептин директору Жүрсүн Коңурбаеванын айтымында, бул үй-бүлөдө тартип биринчи орунга коюлганын дайыма байкоого болот.

«Ушундай үй-бүлөнүн балдарын окутуу кызыктуу жана сыймыктуу. Алардын үй-бүлөсүндө тартип биринчи орунга коюлган. Келиндери кайненесин суктануу менен карап турушат. Алардын кызы Перизат тогуз коргоол боюнча Азиянын чемпиону болуп, орто мектепти жалаң «5» деген баалар менен аяктап, артыкчылык аттестатка ээ болом деп жатат», - деди Ж.Коңурбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 208
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×