При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июль
68.85    79.36    1.16    KZT 0.21

Кыргызстанда ветеринарлар 60%га өстү

Turmush -  Ветеринардык палатадан 2017-жылы өлкө боюнча 2373 жеке ветеринардык адис каттоодон өттү. Ал эми, 2013-жылы жеке ветеринардык адистердин саны 1,5 миңден ашык болчу. Төрт жыл аралыгында адистердин саны 60%га өстү, деп маалымдайт Айыл чарба жана мелиорация министрлиги.

Ветеринардык палатанын директору Кубатбек Маматкуловдун айтымында, жеке ветеринардык адистер Ош, Чүй, Жалал-Абад жана Нарын облустарында көбөйгөн.

«Учурда жасалып жаткан иш аракеттер ветеринария тармагындагы мыйзамдык базабызды учур талабына шайкеш келтирип, жогорку билимдүү кесипкөй адистердин келишин шарттоого багытталууда», - деди К.Маматкулов.

Ошондой эле, жеке ветеринарлардын көбөйүшү ветеринария тармагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен байланыштуу. 2013-жылда башталган «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун негизги багыттарынын бири — ветеринария системасын өнүктүрүү, анын ичинде жеке ветеринардык адистерге гранттык колдоо көрсөтүү болуп саналат. Долбоордун негизинде гранттык жардамдар берилип, учурда жалпысынан 910 жеке ветеринардык адистер материалдык техникалык базасын чыңдоого жетишүү менен көрсөтүп жаткан кызматтарынын сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

«Долбоорлордун алкагында ветеринария тармагынан көрсөтүлгөн колдоолордун натыйжасында бруцеллез оорусуна чалдыккан элдин саны акыркы жылдары беш эсеге кыскарды. Жеке ветеринарлардын 6,5%ын аялзаты түзүп, алардын эң көбү Чүй облусунда болсо (43), эң азы Баткен облусунда (2). Жеке ветеринардык адистердин 12,2%ын 30 жашка чейинки курактагы адамдар түзсө, 70%ын 30 жаштан 60 жашка чейинкилер түзөт. Ал эми 15,4%ы 60 жаштан жогоркулар», - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 257
Комментарии
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
Көп окулду
×