Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик Н.Сатыбалдиева 500 түп шабдалыдан 300 миң сомдой киреше табат (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын тургуну Насиба Сатыбалдиева 10 жылдан бери шабдалы өстүрүп, түшүмүн сатып келет. Анын айтымында, шабдалы көчөттөрү 7-8 жыл ичинде мөмө бере баштаган. Анын багында 500гө чукул шабдалы көчөттөрү бар.

«Эң алгач гилас, алма жемиштерин өстүрчүбүз. 10 жыл мурда шабдалы көчөттөрүн тигип, көп көңүл буруп карадык. Эми түшүмүн алып жатабыз. Шабдалы назик жемиш, көпкө чейин тура албайт. Сатуу үчүн дары менен сактайбыз», - деди дыйкан.

Багбан айым шабдалы сатуу мезгилинде бардык чыгымдардан сырткары 300 миң сомдой каражат табат. Бакчасында шабдалынын 30-40га жакын түрү өсөт.

«Биз элди шабдалы менен камсыз кылганыбыз менен өзүбүздө мүмкүнчүлүктөр аз болууда. Шабдалыны бир күн ичинде сатууга жетише албасак, эртеси күнкүгө чыдабай, эскирип калат. Аны сактап калуу үчүн дары колдонгонубуз менен пайдасын көрө албай жатабыз. Бизге сапаттуу дарылар алынып келсе жакшы болмок», - деди Н.Сатыбалдиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1209
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×