Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик Б.Токсонбаев күнүнө 60 үкөк өрүк ыштап кургатат (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын тургуну Батырбек Токсонбаев 1 күндө 60 үкөк өрүк ыштап кургатат. Аймактык кабарчы багбан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1 гектар аянтта 100 түп өрүк дарагы бар. Жыл сайын өрүк бышкан мезгилде эртеден кечке үй-бүлөсү менен өрүк бактан чыкпай, өрүктү ыштоо жолу менен кургатышат. Өрүк сары түстөгү химиялык затты күйгүзүү жолу менен ышталат. Жергиликтүү тургундар бул затты алтын күкүрт деп аташат.

Өрүктү ыштоого 7-8 саат убакыт керектелет. Андан кийин өрүк атайын даярдалган жерге жайылып, ачык асман алдында 3-4 күн кургатылат. Андан кийин дарыланган өрүк данегинен ажыратылат. Бул ыкманы Баткенде өрүк сыгуу дешет. Данегинен ажыратылган өрүк бир жумадай күнгө кургатылып, андан кийин гана сатыкка чыгарылат. Ышталып кургатылган өрүктөрдү 1 жылдан ашык убакытка чейин сактаса болот.

Учурда ышталып кургатылган өрүктүн 1 кг 400 сомго чейин сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1177
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×