Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Видео, фото - Ысык-Көлдө «Тескей жээк» фестивалы өттү

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 15-июлда «Тескей жээк» фестивалы өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Фестиваль этномаданий туризмди өнүктүрүү жана көчмөн цивилизациясын кайрадан жандантуу максатында уюштурулуп, анын алкагында улуттук оюндар — көк бөрү, тыйын эңмей, кыз куумай, салбурун боюнча мелдештер өткөрүлүп, жаачылардын сынагы уюштурулду. Мындан тышкары, жергиликтүү кол өнөрчүлөр жасаган эмгектерин көргөзмөгө коюшту.

Белгилүү манасчы Саякбай Каралаевдин үйүндө өткөн фестивалдын башкы максаты — Ысык-Көлдүн тескей жээгин этнотуризмдин очогу катары таанытуу.

Фестивалдын катышуучулары жана коноктору боз үйдү тигүү иш-чарасына катышып, андагы көчмөн калктын каада-салттары менен тааныштырышты. Ошондой эле, улуттук тамак-аштарды жасоо боюнча мастер-класстар уюштурулуп, жыйынтыгында «Кара жорго» бийин аткаргандар флешмоб көрсөтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 498
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу