При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июль
68.85    79.36    1.16    KZT 0.21

Сел каптаган Кабак айылын калыбына келтирүүдө айыл өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жетпей жатат, - айыл башчы (фото)

Turmush -  Жумгал районунун сел каптаган Кабак, Кызыл-Коргон айылдарындагы жолдорду, көпүрөлөрдү калыбына келтирүүгө айыл өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жетпей жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттөн билдиришти.

Айыл өкмөт башчысы Мирлан Шейшеновдун айтымында, айдоо жерлерге баруучу жолдор тазалана элек.

Буга чейин Turmush басылмасына Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак айылындагы жолдорду, көпүрөнү жана короодогу жер-жемиштерди тоодон түшкөн суу каптап кеткендиги маалымдалган. Туура-Терек менен Жайылма суусунун деңгээли көтөрүлүп, айылдын ичин каптап кеткен. Ошондой эле, коңшу Кызыл-Коргон айылындагы 17 турак жайды суу каптаган. Андан тышкары, 20дан ашык чарбак баткакка толуп калды.

Тема боюнча: Жумгалдын Кабак айылын сел каптады

Видео - Жумгалдын Кызыл-Коргон айылындагы сел 17 үйдү каптап, 3 үй жарактан чыгарды

 

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 403
Комментарии
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
Көп окулду
×