Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Фото - «Достук» командасындагы эң жаш оюнчу Азим көк бөрүгө 14 жашында аралашып, чоң байгелерди ээледи

Turmush -  Көк бөрү боюнча Ош облусунун «Достук» курама командасы көптөгөн жаш улакчыларды тарбиялап келет. Келечектен көптү үмүттөндүргөн улакчылардын бири Азим Болот уулу бул командага жаңы кошулду. Ал буга чейин «Кабылан», «Каракол», «Кара-Балта» жана «Ысык-Көл» курама командаларында ойногон.

23 жаштагы Азим спорттун бокс түрү менен да машыгып келет. Анын ийгиликтери менен аймактык кабарчы таанышты.

«Көк бөрү оюнуна 8-классымдан тарта аралашып калдым. Кичинекей кезимде боксчу болом деп тилек кылчумун. Кара-Балта шаарында жашаган жездемдин үйүнө барып, тажрыйбалуу улакчылар менен таанышкандан тарта менин да кызыгуум артып калды. Андан кийин жездем ат сатып берип, айылдагы улакчыларга кошулуп ойноп көр деп кеңеш берди. Андан көп узабай "Кабылан" командасына кошулуп, көптөгөн тажрыйба топтоо менен "Кара-Балта", "Ысык-Көл" курама командаларында ийгилик жарата баштадым. Азыркы учурда спорттун бокс түрү менен машыгып жатам. Бала кезимдеги кызыгуум өчө элек», - деди Азим.

Азим Болот уулу «Достукка» келгенден бери бир жылга жетпеген убакытта республикалык деңгээлдеги оюндарда катышып, бир топ бейгелерди ээледи.

«Буга чейин тай, төө сыяктуу көп байгелерди алдым, бирок аларды санап көргөн эмесмин. "Достук" менен ойноп жатканыма бир жыл боло элек. Ноорузда жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган республикалык деңгээлдеги оюндарга катыштык», - деди жаш улакчы.

Учурда Азим мырза оюнга Атаман күлүгүн минип чыгууда. Атаманды жоош, адамга жакын, бирок оюн учурунда күчтүү ат деп сүрөттөдү. 

«Атаман учурда сегиз асый болду. Жооштугун жана адамга жакындыгын жана акылдуулугун өзгөчө баалайм. Таза кандуу күлүктү Ысык-Көлдөн 20 миң долларга алып келгенбиз», - деп кошумчалады.

Ошондой эле, Азим учурда көк бөрү үчүн 2 ат таптап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1135
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу