Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Видео, фото - Сары-Жаз суусуна кулап кеткен унаа табылып, айдоочусу изделүүдө

Turmush -  Ак-Суу районундагы Сары-Жаз суусуна кулап кеткен «Нива» үлгүсүндөгү унаа табылып, айдоочусу изделүүдө. Бул тууралуу Ак-Суу районунун акими Улан Дөкөнбаев бүгүн, 17-июлда билдирди.

Анын айтымында, унааны алып чыгууга «Чыгыш электр» ААК техника жагынан жардам көрсөттү.

«Сары-Жаз суусунун көлөмү көп болуп жатат. Унааны 14-июлда «Чыгыш электр» ААКтын 16 тонналык жүк ташуучу унаасынын жардамы менен чыгардык. Бирок, айдоочу ичинде жок экен. Учурда издөө иши уланып, айдоочунун туугандары, ӨКМдин, «Хан теңири» паркынын кызматкерлеринен турган 50гө жакын адам катышууда», - деди ал.

Буга чейин маалымдалгандай, Сары-Жаз суусуна 11-июлда түнкү саат 00:20 чамасында айдоочу «Нива» үлгүсүндөгү унаасы менен кулап кеткен. Окуя Эңилчек—Эчкили-Таш жолунда болгон. Кийинчерээк сууга агып кеткен жаран Каракол шаардык кеңешинин депутатынын уулу — 1982-жылы туулган М.Таалай экендиги аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1245
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×