Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Кадамжайда 3 өлкөнүн спортчулары катышып, бир нече унаа коюлган мелдештер өттү

Turmush -  Кечээ, 16-июлда Кадамжай районунун Гавиан жайлоосунда «Гавиан» кубогу өткөрүлдү.

Айдаркен шаардык мэриясынын маалыматына караганда, анда улуттук күрөш, эрежесиз эр таймаш, кикбокс, волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Ага Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын спотчулары катышып, байгеге «Мазда», «Ауди», «Москвич» үлгүсүндөгү унаалар коюлган. Турнир Айдаркен шаары, Бирлик айыл аймагы жана Айдаркен шаарындагы жеке ишкерлер тарабынан каржыланды.

Жыйынтыгында күрөш боюнча 1-орунду багындырган лейлектик Камал балбан автоунаага ээ болсо, 2-3 орунду алган спортчулар баалуу белектер менен сыйланышты. Ал эми, башка мелдештердин жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.

Бул мелдешти өткөрүүнүн негизги максаты — жаштарды спортко тартуу, ден соолугун чыңдоо, сейрек жашоого үндөө, Кыргызстандагы спорттук клубдар менен байланышты түзүү жана коңшулаш мамлекеттер менен ынтымакты бекемдөө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 839
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу