Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Айыл турмушу: Таластык 67 жаштагы М.Кыбалов 2 жылдан бери көчө баскетболун ойнойт (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бейшеке айылынын 67 жаштагы тургуну Мадраимбек Кыбалов 34 жылдан бери дене тарбиячы мугалим болуп эмгектенет. Аймактык кабарчы мугалим менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 13 окуучусу жогорку билимдүү дене тарбиячы болуп иштеп жатат.

«Атам улакчы киши болгон. Чогуу жүрүп, оюндарга кызыгып, жогорку окуу жайга барганда өзүм дене тарбия адистигин тандагам. 1983-жылы Фрунзедеги дене тарбия институтун аяктадым. Биринчи эмгек жолумду Бейшеке айылынан баштап, бүгүнкү күнгө чейин Т.Айтмамбетов орто мектебинде иштеп келем. Жалпы 1525 окуучу бүтүрдүм. Өзүмө кесиптеш болуп, окуучуларымдан жогорку билимдүү 13 дене тарбиячы мугалим чыкты.

Өзүм бардык спорттун түрүнө кызыгам. Кесибиме жубайымды да көндүрдүм десем болот. Экөөбүз күн сайын саат 5:00дө туруп, көнүгүүлөрдү жасап, ден соолугубузду чыңдайбыз. 2 жылдан бери стритбол (көчө баскетболу) ойнойм», - деди ал.

Мадраимбек Кыбалов жубайы Бегимкан Иманкулова экөө 2 уул, 2 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 851
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу