При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 22-июль
68.85    79.21    1.17    KZT 0.21

Өзбекстанда дааратканага түшүп кеткен телефонду алып чыгууга аракет кылган 3 адам каза болду

Turmush -  Өзбекстандын Наманган облусунда 3 адам жеке турак үйдөгү дааратканадагы фекалиялык газга ууланып каза болушту. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жарыялады.

Маалым болгондой, Наманган облусунун Янгикурганск районунун тургуну өзүнүн үйүндөгү даараткана үчүн казылган чуңкурга түшүп кеткен чөнтөк телефонун алып чыгууга жергиликтүү эки жашоочуну жалдаган. Чуңкурдун ичине түшкөн эки эркек киши эс-учун жоготуп, кайра чыга албай калышкан.

Үй ээси тез жардам кызматын чакыргандан кийин өзү дагы чуңкурга түшүп кетип, эс-учун жоготкон.

«Чөнтөк телефонду алып чыгууга жалданган эки эркек киши окуя болгон жерден каза болушкан. Ал эми, үй ээси ооруканага жетпей жолдон каза болду», - деп айтылат маалыматта.

Фекалиялык газга ууланган жабырлануучулардын өлүмүнүн себеби дем алуунун бузулушунан организмде кычкылтек азайып, көмүр кычкыл газынын өтө көбөйүшү менен түшүндүрүлгөн. Азыркы тапта бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2574
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×