Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

«Жеңеке»: Кыргыз келини болгонуна сыймыктанган түптүк сүрөтчүнүн аялы Елена өзгөчө эчкилерди багат (фото)

Turmush -  Түп районунун Күрмөнтү айылынын тургуну Елена Андрианова-Малашина кыргызга келин болгонуна сыймыктанат. Ал: «кыргыздар мен сыяктуу өңү сары, көзү көк, узун бойлуу болушкан», - деп эсептейт.

Жердештери айткандай, Лена жеңе касиеттүү таштарды сүйлөткөн, Казакстан менен Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Кадырбек Мусаевдин жубайы жана шакирти, күйөөсүнүн талантын сыйлаган уз аял. Алардын короосуна кирип бара жатканда эле жомоктогудай көрүнүшкө туш болосуң. «Маданият дааратканадан башталат» дегендей, дааратканасы жомокту элестетип, сырдуу жомоктор дүйнөсүнө кирип кетесиң.

Елена Малашина 1963-жылы Алмата шаарында туулуп, геофизик кесибине ээ болгон. Жолдошуна кезигип, 3 жыл дачада кошуна жашып, экөөнүн бирге түтүн булатып калышына сүрөт искусствосу данакер болуп калат. Экөө мурда бир турмушту баштарынан өткөрүп, 2006-жылы баш кошушкан. Андан бери Түп районунун Күрмөнтү айылында жашап жатышат.

«Елена "кыргыз келини болгондон кийин ошол элдин каада-салты менен жашап, кийинишим керек" деп, белдемчи, кемселдерди жана чач учтуктарды колдонуп, өзү кийим тигип кийип, акыркы убакта айылдаштарга да үйрөтө баштады. Анын кыргыз элинин улуттук орнаменти түшүрүлүп жасаган тумарларына туристтер тарабынан суроо-талап көп. Жайкы туристтик мезгилде санаторий, пансионат жана эс алуу үйлөрүнөн телефон чалуулар өтө көп түшөт.

Ошондой эле, тукуму азайып бара жаткан күнүнө 5-8 литрден сүт берүүчү Швейцариянын зааненск породасындагы эчкилерди багат. Аны Россиянын падышасы Петр | алгачкы жолу Россияга алып келген болсо, мен Кыргызстанга биринчи жолу алып келдим деп сыймыктанат. Сыймыктануунун да себеби бар. 8 эчкинин сүтүн ашказан, бөйрөк жана боору ооруп, дарыланып жаткан адамдарга дары катары беришет.

Азыр бээнин сүтү, саамал жана кымыз менен дарылануучулар арбын эмеспи. Ал эми, биздин үйдө эртең менен Елена сааган эчкилердин сүтүнө кезек күткөндөр арбын. Дарегин уккандар Каракол шаарынан, Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунан келип жатышат. Елена эчкилердин ден соолугуна дайыма көз салып турат. Убагы болгондо эчки сүтүнүн кымызын ичип кет деп айылдык ветврачты чакырат. Жада калса баккан коёндордун ден соолугун профилактикалык кароодон өткөрүп турат. Кышында азык-түлүктөрдү, эт сатып албайбыз. Эчкинин саткандан калган сүтүнөн жураат жасап, курутун кышка катык кылып катып коет», - деди Еленанын жолдошу Кадырбек Мусаев.

Буга чейин маалымдалгандай, түптүк сүрөтчү Кадырбек Мусаев 8 жылдан бери чогултуп келген табигый таштардан президент Алмазбек Атамбаевге белек жасаган.

«Президентибиздин аты да, фамилиясы да 8 сандан турат. 8 санына тиешелүү чиймелер, схемалар да бар. Буга чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин аты-жөнүн таштардан жазып чыгып, белек кылуу менен сый көргөм. Россиянын президенти Владимир Путиндин атын дагы былтыр жазып даярдадым. Бирок, аны кандай жол менен өзүнө бере турганымды билбей жүрөм», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2626
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу