При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июль
68.85    79.36    1.16    KZT 0.21

Ак-талаалык тургундун дайынсыз жоголгон 15 жылкысы бир жылдан бери изделип жатат

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Замира Жусуповага тиешелүү 15 баш жылкы дайынсыз жоголуп, табылбай жатканын райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 15 баш жылкы 2016-жылдын 20-сентябрында Соң-Көл жайлоосундагы Узун-Булак чөлкөмүнөн жайытта жүргөн жеринен жоголгон.

Жоголгон жылкылардын эн белгилери:

1. Өңү чабдар, эн тамгасы жок айгыр;
2. Эн тамгасы жок көк бээ;
3. Эн тамгасы жок тору байтал;
4. Өңү жээрде кашка, эн тамгасы жок кулун;
5. Буту ала аяк, сол кулагы кыйык, оң кулагы шара тилик байтал;
6. Сол кулагы кыйык, оң кулагы шара тилик тору байтал;
7.  Сол кулагы кыйык, оң кулагы шара тилик күрөң байтал;
8. Сол кулагы кыйык, оң кулагы шара тилик кара кашка байтал;
9. Эн тамгасы жок сары тору бээ;
10. Эн тамгасы жок кулун;
11. Кашкасы бармак басымдан чоңураак, сол жамбашында «Б» тамгасы бар кара кашка бээ;
12. Эн тамгасы жок байтал;
13. Оң кулагы оюк тору байтал;
14. Оң кулагы оюк кара боз байтал;
15. Эн тамгасы жок кара боз кулун.

Бул жылкыларды көргөндөр 0708 776 944, 0770 260 166 номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1194
Комментарии
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
Көп окулду
×