Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Жалал-Абадда мыйзамсыз курулуштарга каршы аракеттер күчөдү

Turmush -  Жалал-Абад шаарында көп жылдар бою жүргүзүлүп келе жаткан мыйзамсыз курулуштарга, шаардын архитектуралык эрежелерин бузган көрүнүштөргө каршы аракеттер башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри Бакытбек Байтиков билдирди.

Анын айтымында, эми шаар бийлиги мыйзам бузууларга, тартипсиздикке каршы мыйзамдуу чараларды көрүп, шаарды тартипке келтирет.

«Көп жылдардан бери жарандар, ишканалар тарабынан имараттарды, ар кандай чарбалык субъекттерди, турак жайларды курууда белгиленген аймактардан чыгып кетишип, муниципалдык менчикке, шаардын кооздугуна зыян келтирип жатышат. Курулуштарга шаардык курулуш жана архитектура бөлүмү уруксат берип, планын түзүп бергени менен мыйзамсыз курулуштарга каршы чара көрө албайт, андай укук берилген эмес. Бул багыт боюнча Мамэкотехинспекция алектениши керек. Бирок, Мамэкотехинспекция да жыйынтыктуу иш жүргүзө албай жаткандай. Мындан ары жергиликтүү бийлик мындай терс көрүнүштөргө бөгөт коюуну күчөтүү аракеттерин көрөбүз», - дейт ал.

Жол жээгине курулган объекттер тротуарларды ээлеп, муниципалдык аймакка чыгып кеткени, бул көрүнүш шаардыктардын кенен басып жүрүүсүнө да тоскоолдук келтирип жатканы белгиленди.

«Мыйзамсыз курулуштарды аныктап, тактап, тизмелеп, алар боюнча мамлекеттик органдардын жардамы менен тартипке салуу иштерин алып барабыз», - дейт Б.Байтиков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 520
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу