Анын айтымында, ит багууга кичинесинен эле кызыгат.
«Мурунтан эле ит багууга кызыкчумун. Бирок, таза кандуу тайганым жок эле. 1 жылдан бери таза кандуу тайгандарды багам. Учурда үйдө 3 чоң тайган, 18 тайган күчүк, Батыш Сибир породасындагы 2 ит багып жатам. Ак көз аттуу тайганым Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында таза кандуу тайгандардан ичинен биринчиликти алган. Ошондой эле, республикалык салбурунда 4 жолу биринчиликти жеңген.
Кара-Куш деген тайганым дагы чемпион. Чоң тайгандарды 25 миң сомдон, күчүктөрүн 5 миң сомдон сатып жатам. Аларга эт, тамак бышырып беребиз. Келечекте ата-бабаларыбыз баккан таза кандуу тайганды көбөйткүм келет», - деди ал.
Бекташ Абдрахманов жубайы Калия Эргешова экөө 2 уул, 2 кыздын ата-энеси.