При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Айыл турмушу: Кара-бууралык жубайлар дыйканчылыктагы кирешеге үй куруп, дубалга Кыргызстандын картасын түшүрүштү (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бейшеке айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылында жашаган жубайлар Райбек Раев менен Айгүл Найзабекова 7 жылдан бери малина өстүрүшөт. Алар 8 сотых аянттагы түшүмдүн кирешеси менен менен үй курушту. Дыйкан жубайлардын ишмердүүлүгү менен аймактык кабарчы таанышып келди.

Жубайлар 2010-жылы баш кошушкан. Айгүл жеңе Манас районунун кызы.

«Мурда көлөкөдө чакан гана аянтта малина өсүп турчу. Үйлөнгөнгө чейин аны күңгөй тарапка көчүрсөм жакшы түйүп баштады. Жаңы үй-бүлө курган жылы үйдүн курулушун баштаганбыз. 7 жылдан бери ушул 8 сотых аянттагы малинанын кирешесин чогултуп, төө буурчактын кирешесин кошуп, акырындап үйүбүздү куруп бүттүк.

Ташкент сортундагы малинанын даны кичине, суулуу, таттуу, түшүмү чоң болот. Тергенден кийин 30 сааттан ашпай колдонууга жарабай, чирип кетет. Кайнатканда ширелүү болгондуктан кумшекерди аз талап кылат», - деди Р.Раев.

Айгүл Найзабекова кошумчалагандай, малина өскөн аянт жылына бир жолу тазаланып, убагында бутакчалары кыркылып турат.

«Жылына 3 жолу сугарабыз. Бир жылдагы кирешени эсептеп көрсөк 8 сотых аянттан 1 тонна 280 кг малина алганбыз. Анын килограммы орточо эсеп менен 100 сомдон сатылат. Жолдошум экөөбүз дайыма кеңешип иштейбиз. Ал өтө мээнеткеч адам. Эмгекти талап кылган жумуштан качпайт», - деди А.Найзабекова.

Ошондой эле, дыйкан үй-бүлө Бакай-Атанын кара өрүгүн өстүрүп жатышат. Андан тышкары, Айгүл айым чарбакта коон, дарбыз өстүрөт. Учурда дарбыздардын салмагы 4-5 кг болуп түйүлүп калды.

«Үйүбүздүн кире беришине сүрөтчү агама Кыргызстандын картасын түшүртүп, өзүм бир күн кечке таш менен тагып чыктым», - деп кошумчалады Р.Раев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3969
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×