Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Ош

Ош шаарынын борбордук базары текшерилди (фото)

Turmush -  Ош шаарынын тургундары баш аламан соода жүргүзүлгөн «Тешик-Таш» базарындагы абалды тартипке келтирүү суранычы менен тиешелүү бийликке кайрылган. Анын негизинде бүгүн, 15-июлда шаардын биринчи вице-мэри Замир Аскаров баш болгон тиешелүү жетекчилер, шаардык прокуратуранын өкүлдөрү, базардын администрациясы, салыкчылар жана Мамэкотехинспекциянын кызматкерлеринин катышуусунда атайын рейд уюштурулду.

Рейддин жүрүшүндө уруксат берилбеген аймакта жер-жемиштерди сатып жаткан соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын эскертүүлөр берилди. Жол боюна чыгып алган соодагерлердин кесепетинен жолдо унаалардын тыгындары пайда болуп, шаар тургундарына жана унаа каттамына ыңгайсыздыктар жаралып жатканы айтылды. Бирок, маселенин экинчи тарабы да белгиленип, соодагерлер өз пикирлерин билдиришти.

Алардын айтымында, жолдун оӊ жагындагы үстү жабылган базар жеке менчик. Базардын ичиндеги орундун ижара акысын төлөөгө чамасы келбеген көпчүлүк соодагерлер жол боюнда соода кылууну адатка айлантышкан. Бүгүнкү түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө мыйзам жалпыга бирдей экени айтылып, менчик базардын жетекчилиги менен да сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Рейддин жыйынтыгында шаардык бийлик аталган базарды тартипке келтирүү максатында жакынкы аралыкта атайын чечим кабыл ала турганы айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1694
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×