При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июль
68.85    79.36    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Таластык М.Жаманкулова 13 миң долларлык боз үйлөрдү жасалгалайт (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылында 64 жаштагы Мыскал Жаманкулова жасалгалаган боз үйлөр 12-13 миң долларга чейин бааланат. Кол өнөрчү эмгеги, ишмердүүлүгү тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди. Ага кол өнөрчүлүк таенесинен өткөн.

«Кичине кезимде таенеме кол кабыш кылып жүрүп, кол өнөрчүлүктү үйрөнүп алдым. 1970-жылы Көк-Кашат айылына келин болуп келгем. Кайын энем дагы иштүү адам экен. Кайын энеме жардам берип жүрүп, бул өнөргө өтө кызыктым. Ошондон бери алты канат, сегиз канат боз үйдү жасалгалайм. Жыгач усталар боз үйдүн жыгачтарын даярдап берсе, мен шырдагын, кийизин даярдап, өрмөк согуп, чачык, көрпө, туш кийиз, төшөктөрүн даярдайм.

6 канат боз үйдүн жыгачтары сары өңдө болсо, 8 канат боз үй кызыл өңдө болот. Бир боз үйдү даярдоо үчүн 1 айдан ашык убакыт талап кылынат. Орточо эсеп менен жасалгалуу боз үйлөр 12-13 миң долларга бааланууда», - деди кол өнөрчү.

Уз-чебер айымдын үч келини тең кол өнөрчүлүккө кызыгып, учурда ага жардам берип жатышат. Келиндери менен бирге жасаган боз үйлөрдү ар кандай сынактарда көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Кол өнөрчү жолдошу Добулбек Үмөтов менен 3 уул, 4 кызды тарбиялап өстүрүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 535
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×