Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Түптө көлгө чөгүп каза болгон студент Б.Аманкулов Ноокенде жерге берилди

Turmush -  Түп районунда эс алуу учурунда көлгө чөгүп каза болгон ОшМУнун студенти Бектурган Аманкулов (1996-жылы туулган) кечээ, 14-июлда Жалал-Абад обулусунун Ноокен районундагы айылында жерге берилди.

Ал эми, Нурмухамед Асан уулу (1994-жылы туулган) бүгүн, 15-июлда Ош шаарында акыркы сапарга узатылат.

Ош мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Расул Авазбеков кабарчыга билдиргендей, пансионатта эс алып жүргөн студенттердин арасынан 4 жигит толкундан катамаранды алып чыгууга аракет жасап жатып, алардын ичинен экөө жээкке сүзүп чыга албай калышкан.

«Университеттин «Үмүт» пансионаты коопсуз пансионат. Ошол күнү балдар катамаран менен чыгып кетишкен. Ал учурда толкун болуп, катамаран оодарылып кеткен. Аны тартып чыгарууга аракет кылган балдар алдан тайышкан. Алардын жанындагы эки бала жээкке өз алдынча сүзүп чыккан.

Бектурганды кичи мекенинде жерге берип келдик. Ал окуу жайдагы алдыңкы студенттердин бири эле. Быйыл математика жана информатика факультетинде 3-курсту аяктаган. Каза болгон жигиттердин экинчиси Нурмухамед Асан уулу компьютердик борбордо лаборант болуп эмгенчү. Ректорубуз Каныбек Исаков баштап, баланын сөөгүн үйүнө жеткирип келдик. Бүгүн Ош шаарында жерге берилет», - деди Р.Авазбеков.

ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы Б.Казакбаев кабарчыга билдиргендей, окуя 13-июлда саат 12:30 чамасында Ынтымак айылындагы «Үмүт» (мурунку «Факел») эс алуу жайында болду. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар денелерди саат 14:30да жана саат 16:20да алып чыгышкан.

Адистердин айтымында, катамаранга жалпы 4 жигит отуруп, көлдүн терең жерине чейин барышкан. Капыстан катамаран оодарылып кетип, алардын экөө өз алдынча жээкке сүзүп чыккан. Саламаттыкты сактоо министрлиги жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын абалы жакшы экенин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1849
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу