Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Чүй

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы экинчи жолу шайланбай калды

Turmush -  Кемин районунун Кара-Булак айылынын башчысы экинчи жолу шайланбай калды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалым болгондой, шайлоого үч гана депутат катышып, калгандары келбей калган. Тиешелүү мыйзам боюнча шайлоого депутаттардын үчтөн эки бөлүгү катышуусу керек. Эгерде, депутаттардын үчтөн эки бөлүгү толук катышпаса, шайлоо башка күнгө жылдырылат. Кара-Булак айылдык кеңешинде 11 депутат бар.

Айыл өкмөт башчылыкка Аскат Кулушев менен Улан Кайыпов ат салышкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2474
Көп окулду
×