Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Ош

Алыскы Кожекелең айылындагы мектептин курулушу 3 жылдан бери токтоп турат (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелең айылындагы мектептин курулуш иштери 3 жылдан бери аяктабай турат. Айылдагы окуучулар жарымы бузулган эски имаратта билим алууга аргасыз, деп билдирди айыл тургуну Маматиса Миңдибаев.

«Султан Ибраимов атындагы орто мектеп 1962-жылдары курулган. Мындан 3 жыл мурда мектептен жарака кетип, ӨКМ тарабынан ал имаратта балдарды окутууга тыюу салынган. Кийин анын ордуна жаңысы курулат деп мектептин жарымын бузушкан эле. Курулуш иштери башталып, бирок токтоп калган. 3 жылдан бери пайдубалы курулган боюнча турат. Ошондон бери жарымы бузулган мектептин ичинде окуучулардын теңине билим берип жатабыз. Ал эми, окуучулардын теңин мектептин жанындагы үйлөрдү ижарага алып киргизгенбиз.

Курулуш иштери токтоп калгандан кийин тиешелүү органдарга, жада калса Билим берүү жана илим министрлигине чейин кайрылдык. Эч кандай жооп жок, арадан 3 жыл өтүп кетти», - деди Маматиса Миңдибаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1049
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×