При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июль
68.85    79.36    1.16    KZT 0.21

Баткендик Абдималик Сабиров тоого чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголууда

Turmush -  Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн Таян айылынын 1972-жылы туулган тургуну Абдималик Сабиров 5-июлдан бери дайынсыз жоголуп, табылбай жатат.

Кошуналарынын айтымында, ал тоо тарапка чыгып кеткен. Туугандары өз алдынча издеп, жыйынтык чыкпагандыктан 11-июлда милицияга кайрылышкан. ӨКМдин кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар аны Таян айылынын күн чыгыш тарабындагы тоолордон издеп, табышкан жок. Учурда милициядан 10 кызматкер, жергиликтүү элден 30 адам издөө иштерин улантып жатат.

Абдималик Сабиров үй-бүлөлүү. Биринчи аялынан 2 баласы бар. Аны менен ажырашып, экинчи жубаы менен 3 балалуу болушкан.

2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 691
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×