Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Бакай-аталык И.Тургуналиев жыгачтардын тамырынан сувенирлерди жасайт (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын тургуну Илнар Тургуналиев атасынын жолун жолдоп устачылык менен алектенет. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, дарактардын тамырларынан түрдүү кооз сувенирлерди жасайт. Бул өнөрдү атасы Тилекмат Тургуналиевден үйрөнгөн. Анын ата өнөрүн улантып келе жатканына апасы Нуска Бектеналиева кубанат.

Учурда устанын үйүнүн бир бөлмөсү мындай сувенирлерге толгон. Алар менен Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көргөзмөгө катышып, байгеге да ээ болгон. Айрым адамдар келип, кызыккан сувенирлерди сатып алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1236
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×