Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Видео - Ысык-Көлгө эс алууга бара жаткан баткендик мугалимдер кырсыкка кабылып, жаракат алышты

Turmush -  Баткендеги мугалимдер Ысык-Көлгө эс алууга бара жаткан жолдон автокырсыкка учурашты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Баткен районунун Кайыңды айылындагы Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин директору Шааркан Тургунованын айтымында, 30-июнда 20 мугалим 4-5 унаа жалдап, Ысык-Көлгө сапарга чыгышкан. Түндөп жол жүрүп келе жаткан учурда Токтогул районунан унаалардын бири кырсыкка учурап, жолдогу темир тосмого уранган. Анын кесепетинен 4 мугалим катуу жаракат алып, Токтогул районунун Үч-Терек ооруканасына кайрылышкан.

Айдоочу да жаракат алып, унаа жараксыз абалга келген. Кырсыкка кабылбаган мугалимдер башка унаа менен Ысык-Көлгө кетишкен. Учурда жаракат алган мугалимдердин экөө Баткен облустук ооруканасынын травматология бөлүмүндө дарыланууда.

Ал эми, Шааркан Тургунова оң колунан катуу жаракат алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12065
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу